Чех университетинин доценти Петр Кокайсл ОГПИде. Сүрөт
Turmush - Чех дыйканчылык университетинин доценти, кыргыз таануучу, тарыхчы, этнограф, илимдин доктору Петр Кокайсл Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге конок катары лекция окуду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Аталган лекцияда Петр Кокайсл өз тажырыйбасынын негизинде маданий антропология, этностук азчылыктар, коомдогу өзгөрүүлөр, география, дин, гуманитардык илимдердеги методология жана өзү изилдеген кыргыз элинин тарыхы тууралуу маалыматтары менен бөлүштү. Ошону менен бирге чех элинин тарыхына да кыскача токтолуп, кыргыз жана чех элдеринин окшоштуктары менен айырмачылыктарын айтып өттү.
Лектор өз сөзүндө Кыргызстанга 2001-жылдан тарта келип, кыргыз эли боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын жана бул боюнча бир нече илимий макалалары жарык көргөнүн белгиледи. Лекция суроо-жооп менен коштолуп, анда студенттер кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.
